www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башмыйзам өзгөртүлөт

Жакынкы беш жыл ичинде Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтүшү мүмкүн. Башмыйзамда айрым катачылыктар бардыгын жана аны өзгөртүү зарылдыгын Сооронбай Жээнбеков жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Иш-чарада катышуучулар Башмыйзамдагы бир катар кемчиликтер тууралуу маселе көтөрүп, буга Президенттин пикирин билгиси келишкен. Аларга жооп берген ажо “бул маселе күн тартибинде бар, менин президенттик башкаруум учурунда бул маселени ишке ашырам. Жакынкы күндөрдө күн тартибинде жок, бирок келечекте, мен президент болуп турганда бул маселеге кайрылабыз, эл менен кеңешип муну чечишибиз керек” деп жооп бергенин “Кыргыз жолу” коомунун өкүлү Кадыр Кошалиев билдирди.

Албетте, президент С.Жээнбеков Башмыйзамдын кайсы беренелерин өзгөртүп, кандай багытка салаарын тактаган эмес, бирок анда белгилүү бир саясий чөйрөнүн кызыкчылыгы алдыга чыгып, кош бийликке жол берген нормалар бар экендиги талкууланган. Демек, 2023-жылга чейин Башмыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, референдум өтүшү мүмкүн.

Баса, мурдагы бийлик учурунда Башмыйзам жоголуп бүтүн дүйнөгө шылдың болгон элек.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости