www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым чет элдиктердин кыргызстанга карата саясий жана диний диверсиялык иш-аракеттери

Кыргыз элин бөлүп-жарып, ынтымагын кетирүү аркылуу кыргыз мамлекетин талкалап, эгемендигинен ажыратып, чет элдиктерге колония же жарым колония кылуу багытында бир топ жылдардан бери саясий, диний багытта 2 диверсиялык топ иштеп келе жатат.

Биринчи:

Саясий жагынан АКШдын, Англиянын жана Батыштын айрым өлкөлөрү тарабынан уюштурулган, акча менен камсыз болгон НПОлорду “токойду кырккан балтанын сабындай кылып” кыргыздардын өзүнөн даярдап, Кыргызстандын бардык жеринде “адам укугу, аз улуттардын укугу, аялдардын укугу, балдардын укугу, турмөдөгүлөрдүн укугу, бирдей жыныстуулардын, гейлердин укугу, Дин тутуу эркиндиги, демократия” ж.б. ярлыктарга жамынып, митинг жасатып, гейпарад уюштуруп, үй-бүлөнү, элди тытыштырып, ырыс-ынтымагын кетирүү.

Жылаңач аялдарды рекламалап, жаштарды моралдык жактан бузуу.

Аз улуттардын улутчул шовинисттерине материалдык колдоо көрсөтүү аркылуу сепараттык чыгууларды (1990-2010-жж.) уюштуруу.

Өлкө бийлигине сес көрсөтүп, кыргызга пайдасыз ар кандай келишимдерге кол койдуртуп, өзүлөрүнө ылайыкталган, кыргызга зыянын тийгизген мыйзамдарды (Конституция ж.б. Мыйзамдар) оңдотуп же чыгартып чет элдиктердин бузуп-жаруу диверсиясына кеңири жол ачып колониялык же жарым колониялык режимге жол ачуу;

Экинчи:

Кыргыз улутундагы ата менен баланы, жакын досторду, бир туугандарды, эне менен кызды, улутташтарды диний көз караш боюнча талаштырып-тартыштыруу, диний маңкуртка айландыруу аркылуу кыргыздын биримдигине, ырыс-ынтымагына доо кетирип, дин аркылуу бөлүп-жаруу.

Кыргыздын салтын, тилин, кийим-кечегин, тарыхын, маданиятын унуткаруу үчүн диний НПОчуларды –диний төбөлдөрду жогоруда айтылгандай “токойду кырккан балтанын сабындай кылып” кыргыздардын өзүнөн даярдоо.

Жергиликтүү динчилдерди каражат менен жабдып, диний чыр-чатакты чыгартып, диний-жарандык согушка чейин алып келип Кыргызстанды талкалап көз каранды кылуу максатында ислам дининдеги тескери багыттагы агымдар, секталар, топторду (салафит, бахабит, таблиг, ахмадия, акромия, нуржулар ж.б.) активдештирүу.

Аравия, Пакистан өлкөлөрү аркылуу “мечит салуу, китеп чыгаруу, соопчулук жардам берүү” деген ярлык менен каражат жиберип, жергиликтүу диний төбөлдөрдун оозу жана колу аркылуу жаштарды бузуп арабдаштыруу.

Кыргыздын улуттук кийимдерин жана эл аралык деңгээлде кийине турган заманбап кийим-кечектерди кийинүүнү жокко чыгарып, арабча – аял затына хиджап, кара жоолук, эркектерине узун көйнөк кийгизүү.

Адам өлгөндө кыргыздын салтындагы зыйнатты өткөрбөө – өкүрүүгө, кошок кошууга тыю салуу, 3, 7, 40 күндүк, 1 жылдык жана аш берүү зыйнаттарын жою.

Диний-жарандык чыр-чатактарды адегенде оозеки, басма сөз, телерадио, интернет айдыңы аркылуу айтыштыруу менен баштоого кырдаал жаратуу

Эл арасында жергиликтүү молдолор, диний активдер аркылуу жогоруда көрсөтүлгөн тыю салууларды толук иш жүзүнө ашырган соң “диний эрежелерди неге аткарбайсын?” хиджап кийбеген аялзатына, узун көйнөк кийбеген, муруту жок сакал койбогон эркектерге күч колдонуу, башка диний ишенимдегилерге жана атеисттерге жихаад жарыялоо менен Кыргызстан элинин тагдырын Ооган, Сирия, Ирак элинин тагдырына окшотуп, колония же жарым колония кылып дин аркылуу бийлик жүргүзүү.

Абыдмамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости