www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин видеосуна маданият министрлиги көңүл бурбай, көрмөксөнгө салып койсо болмок! Мындай оюн КТРКнын алып баруучусу Мирбек Осмонов өзүнүн Фейсбук баракчасында жазып чыкты.

“Бирок, мындай толкун акырындап жайылып отуруп мектеп окуучулары туурап калмак. Анткени Ютуб каналы аркылуу телефонго тартып ар кандай жерин көргөзүп сала берет. Бул өтө жаман көрүнүш, мындан аркы кадамы жылаңач чечинип чыгышмак. Коомдун талкуусунда жүргөн белгилүү адамдардан жөнөкөй жарандар таасир алышат. Адам баласы отуз жаштан өткөндөн кийин келечек муунга көңүл бура баштайт. Артта келе жаткан жаңы толкунга кандай пайда алып келем деп ойлоно баштайт. Кээ бир ырчылар аларга болушуп чыкканына өтө таң калуу менен карадым. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жумшак мамиле кылып жатат, башкаларга сабак болуш үчүн мындан башкача катуу чара колдонушу керек эле”, - дейт өз сөзүндө Мирбек Осмонов.

Анын айтымына караганда, тез арада жаңы мыйзам кабыл алып, Чокоев менен Примбердиев сыяктуу тентектерди тез арада ооздуктоо абзел. Коомдо мындай көйгөйдүн келип чыгышы катары, жаштар арасында популярдуу болгон “Tik Tok” тиркемесин күнөөлүү деп эсептейт.

“Tik Tok” деген бир шумдук чыгып, жаштарды калжаңдатып салды”, - дейт Осмонов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости