Акылай: "Өзүмдү таппай жүрөм, кээде буулугам... Же күйөөгө тийсем өзгөрөмбү?"
Коом  |   |  1624

Мен университеттин студентимин, адистигим меники эмес экендигин түшүнөм. Күн сайын өзүмдү үй тапшырмасын аткарууга, чыгармаларымды жазууга мажбурлайм. Ойлонбогонго аракет кылам. Бирок, оюмдан кетпейт. Маал-маалы менен “бул менин жашоом эмес” деп ойлоп кетем. Бирок мен окууну таштай албайм, анткени, башка кайда барам? Апамдын да көңүлүн ооруткум келбейт...

Мурда жазганды жактырчумун, атүгүл журналист болууну кыялданчу элем. Ал эми азыр жаза турган убакыт жок, окуум менен алышып атып, келген илхам жоголот. Апама жардам берип, иштегим келет. Бирок табылган иштер менин жан дүйнөмө туура келбейт. Аракет кылышым керектигин билем, жасабаганыма өкүнүп жүрүп 21 жашка да толдум.

Мен ийгиликсиз бойдон калуудан жана жашоодон өз ордумду таппай калуудан корком. Мага адамдар менен тил табышуу кыйын. Көпчүлүк учурда үйдө отурам, досторум дагы, жигитим дагы жок. Өзүмдү таппай жүрөм. Кзэде буулугам, ыйлайм... Жашоо эмне мынча кунарсыз? Же күйөөгө тийсем өзгөрөмбү?..

Акылай 

Поделитесь с друзьями