www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Москва районунун аймагында жайгашкан Ак-Суу дарыясында мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, оор жүк ташуучу автоунаа жана экскаватор дарыя суусунун булганышына жол берген. Мындай аракеттер айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип, суу объектилерин коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузууга алып келет.
Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, транспорт каражаттарынын айдоочуларына КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 246-беренесине ылайык ар бирине 11 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жарандарды жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди суу объектилерин коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.