www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын трансплантация кызматын мындан ары өнүктүрүү маселелери Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн жумушчу кеңешмеде талкууланды.

Жыйын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага трансплантология тармагындагы адистер, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, Улуттук хирургия борборунун, Р.Т. Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын, Улуттук госпиталдын, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун, Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын жана башка саламаттык сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө «Кыргызстандагы органдарды донорлукка берүү жана трансплантациялоо» аттуу эл аралык симпозиумдун жыйынтыктары каралды.

Ошондой эле өлкөдөгү трансплантация кызматын өнүктүрүү, улуттук кадрларды даярдоо, илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Катышуучулар трансплантология тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды карап чыгып, бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Последние новости