www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Абдымамбет Сариев атактуу тарыхчы, окумуштуу Юлий Сергеевич Худяков тууралуу президент Садыр Жапарровго кайрылуу жасады.

«Урматтуу президент Садыр Нургожоевич,

Байыркы кыргыз тарыхын изилдеп, оор учурда кыргыз улутунун кадыр-баркын дүйнөлүк деңгээлге көтөргөн, тарыхый китептерди чыгарган, чөгүп турган элге дух берген тарыхчы, окумуштуу Юлий Сергеевич Худяков каза болуп, миллиондогон патриоттордун жүрөгүн сыздатып кетти!

Кыргыз тарыхынын тагдырына байланыштуу окумуштуулардын арасында эл аралык деңгээлдеги талаш-тартышта «муз жарып», кыргызга ак кызмат кылган атактуу тарыхчы Юлий Сергеевич Худяковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө жарлык чыгарып, ысымын көчөлөргө, тарых багытындагы институттарга, окуу жайларга ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарсаңыз тарыхты баалаган жалпы кыргыз эли зор кубанычта болоор эле», - деп белгилеген жазуучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости