www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айыл чарба министри "Айыл банктын" директорлор кеңешин жетектей турганын билдирди.

Анын айтымында, бул сунушту президент Садыр Жапаров колдоого алган.

"Министрде айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк пайда болот. Анын ичинде лизингге агро өнөр-жай техникасын, айыл чарба жаатында жеңилдетилген насыяларды алууга, азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылууга, айдоо жерлерин пландоого шарт түзүлөт", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, бүгүн Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өкмөттүн жыл жыйынтыгы боюнча жыйналышы өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости