www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз азыраак тапкандар азыраак, көбүрөөк тапкандар көбүрөөк төлөөрүнө ишенбей калганбыз. Мындай пикирин журналист Тынчтык Алтымышев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Салык-бул мамлекет алдындагы жарандардын ыктыярдуу парзы болуш керек эле. Ар бир мекенчил жаран мамлекетке мыйзам чегинде салык төлөөгө дилгирленип, канчалык көбүрөөк салык төксө, ошончолук сый-урматка ээ болуп, өзү дагы Ата-Журттун оорун колдон, жеңилин жерден алып жаткандай канааттанып, САЛЫК ТӨГҮҮ престижке айланып, мекенчилдер, жакшылар, салык менен атаандашып, салык төгүү идеологиянын, тарбиянын бир бөлүгү болушу керек эле.

Тилекке каршы, биз салык дегенде ушунчалык терс кабыл алабыз. Шарт эле жонубуздан кайыш тилинип жаткандай, аялуу жерибиз ачыша түшөт.

Буга эмне себеп?

Албетте, коомдогу теңсиздик жана коррупция! Бийликке болгон ишенбөөчүлүк!

Себеби, биз чөнтөгүбүздөн төлөгөн акчанын чыпчыргасы коробой мамлекетке, өнүгүп өсүүгө жумшалаарына эч кимибиз ишенбей калганбыз. Чиновниктер менен депутаттар башкалар менен бирдей төлөөрүнө ишенбей калганбыз. Азыраак тапкандар азыраак, көбүрөөк тапкандар көбүрөөк төлөөрүнө ишенбей калганбыз. Кирешелер жашырылбай, баардыгы бадырайып ачык болуп жатканына ишенбей калганбыз. Салыкчылардын ак, так иштээрине ишенбей калганбыз...

Мына ошол ишенбөөчүлүк ушуга алып келди. Акылбек Жапаровдун салык реформасы ушул үчүн туура кабыл алынбай турат. Башкы себеп ушул. Башкасы да бар, албетте...», - деп белгилеген ал.

Эске салсак, Акылбек Жапаровдун мыйзамын эл кабыл албай, соодагерлер каршы чыгышкан.

Буга нааразы болуп, Токмок жана Дордой базарларынын соодагерлери ККМ аппаратына каршы митингге чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости