www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Блогер сымал Гүлнура Торалиева деген коомго анча белгисиз жазмакер бар. Айрымдарга тийишип жазып, сөйкөнүп турбаса, жашоосу кыйындап кетет окшойт. Бул айым убагында Сапар Исаковдун жандоочусуна айланып, пиарщиги катары кызмат кылган.
Ал кезде ТЭЦтеги, Тарых музейиндеги коррупциялык иштер апогейине жетип, тарыхта кара так катары өчпөй калганы белгилүү. Мына ушундай жоболоңдуу иштердин арааны жүрүп атканда Торалиева чартаңбай тээп, Сапардын акыл кошчусу катары бузуку иштерге эмгек сиңиргени жалганбы?
Кечээгиси булганыч ушундай “каарманыбыз” билмексенге салып, кайрадан элге акыл айтып, кыйынсына береби? Моралдык жагы “өлгөнүн” эскертип койчу жан жокпу? Суроолор көп.
Кызыгы, Сапар Исаковдун ушул сыяктуу табакташтары тымызын бириге калышып, кийинки президент ким болоорун айтып, кыялга батып жатканын кантебиз? Мындай “үйгүшмө топтор” тууралуу тийешелүү органдар билбесе керек. Качып кеткен коррупционер төрдө эмес, түрмөдө отурушу шарт.
Булак: Азия News гезити