www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишкер Абдыманап Карчыгаев Dickens & Madson Canada ишканасы менен жеке келишим түзүп, ага өкмөттүн катышы жоктугун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында айтты.
Абдыманап Карчыгаевдин айтымында, Dickens & Madson Canada ишканасы менен өзү келишим түзүп, инвестор тартуу аракетин көрүүдө.
«Келишимге 2-ноябрда гана кол койдук. 500 миллион долларын төлөдүк. Бул кредит эмес, бизге грант түрүндө жардам берет. 600 миллион долларга коронавируска колдоо иретинде келет», — дейт ал.
Абдыманап Карчыгаев келишим түзүлгөн кезде премьер-министр Садыр Жапаров түрмөдө олтурганын белгиледи.
«2-сентябрда келишим түзүлгөн. Садыр Жапаров 5-октябрда чыкты. Садыр Жапаров менен тааныш эмес болчумун. Жакында гана аны менен жолугуп, инвестиция кирсе, коргой аласызбы деп гана сүйлөштүм. Ал мындай акча келерине ишенбейт», — дейт Абдыманап Карчыгаев.
Булак: NazarNews.kg