www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевди кепке тартып, коомчулуктун көңүл борборундагы айрым жагдайлар боюнча баарлаштык.

--Абдырахман агай, шайлоо күнү белгиленди. Эл айласын таппай турган учурда шайлоого багыт алганыбыз орундуу элеби?

--Албетте, кээ бир жарандык активистер сындай башташты. Бирок, шайлоону жылдырган күндө деле сынчылар жөн отуруп калышпайт. Анткени, элибиздин көпчүлүгү пандемия мынчалык деңгээлде болоорун, ага кошумча да башка илдеттердин (пневмания,ОРВ ж.б.) каптап кетерин таптакыр элестете да алышкан эмес. Ошондуктан, саясат, шайлоо сыяктуу маселелерди эч кимдин уккусу да келбей турган мезгил. Бирок, шайлоонун өз убагында эле өткөнү туура. Эгер жылып калса, анда бул парламенттин легитимдүүлүгү жөнүндө маселе көтөрүлө баштайт.

--Шайлоо мезгилинде да бул илдет биротоло жок болбосо кандай болот?

--Биринчиден, ага чейин бул илдеттин мизи кайтып, кырдаал оңолот деп, жакшы тилек кылып туралы. Бирок, кандай болгон күндө да, Өкмөт, Боршайком шайлоонун мыйзамдуу өтүшүн, жарандарыбыздын шайлоого толук кандуу катышышын камсыз кылуучу чараларды көрүшү керек. Андай мүмкүнчүлүктөр бар. Россияда деле пандемия өтө коркунучтуу деңгээлде жайылып жаткан учурда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүүнү уюштурушту го. Эң негизги маселе, шайлоо учурунда элдин коопсуздугун камсыз кылуу.

--БШКнын партиялардын каражатын көзөмөлдөөнү күчөткөн жоболору добуш сатууга бөгөт коё  алабы?

--Канчалык ишенүүгө аракет кылсак деле, ишке ашуусу кыйын го. Эл арасында шайлоого таптакыр башка көз караш менен караган, кимге добуш бергенимдин айырмасы деле жок, эптеп ошол күнү бир аз тыйын-тыпыр алып алайын дегендер дагы эле көп. Кандайдыр бир топторду түзүп алышып, ар кандай партиялардын өкүлдөрүнө барып, соодалашып, добуш сатууну пландаштырып жүргөндөр да арбын.

--Премьер-министрдин шайлоого деген каржатыңарды Covid-19 менен күрөшүүгө бергиле деген сунушу колдоо табабы?

--Мүмкүн. Күтүп туралычы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости