www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында билим берүү системасындагы көйгөйлөр Өкмөттүн астына коюлду.
Депутат Абдывахаб Нурбаев баардык маселелер сапаттуу билим берүүдөн башталаарын айтып, мугалимдердин айлыгы жогорулатылмайын келерки жылдын бюджетин кабыл албоо керектигин баса белгиледи. Ал керек болсо айрым мамлекеттик түзүмдөрдү кыскартуу менен сапаттуу билим берүүдөгү башкы критерий болгон мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү зарылдыгын айтты.
Депутат Алтынбек Жунус уулу Ат-Башы районундагы Өзгөрүш айылынын тургундары “айылдагы мектептин дубалы качан кулап балдарыбызды басып калат” деген коркунуч менен жашап жатканын Өкмөткө багыттады. Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул мектепти окууга жараксыз деп корутунду чыгарган.
Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылына жаңы мектеп куруу боюнча тендер өткөрүүдө Нарын облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзам бузулган. Бул тууралуу депутат Алмасбек Акматовго келген айыл тургундарынын кайрылуусунда айтылат. Анда тендерге айыл өкмөт башчысы, мектеп директору жана адамдар катыштырылган эмес.
Депутат Салайдин Абдраев Алай районунун Жаңы-Алай айылында мектеп авариялык абалда тургандыгын аткаруу бийлигинин астына койду.
Тоң районунун Оттук айылындагы мектепке окуу жүргүзүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү корутунду чыгарып, тыюу салган. Бирок окуу жүргүзүлүп эле жатат. Бул тууралуу депутат Абдыбек Дүйшалиев маселе көтөрдү.
Булак: NazarNews.kg