www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орхан Инанды биздин жетекчиликти «кидать» этти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев бүгүнкү парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү кыргыз бийлиги Орхан Инандыны өткөрүп берүү боюнча Түркиянын жетекчилиги менен макулдашып алышы мүмкүн деген божомолун айтты.
«Өкмөттүн өкүлүнө жана башкасына бир нерсе айтып кетким келет. Мүмкүн Эрдоган менен сүйлөшөбүз деп берген болсо, ал биздин жетекчиликти «кидать» этти. Дүйнөгө жар салып бизди уят кылды, эгемендүүлүккө шек келтирди. «Кыргызстан бизге эмне болуп калыптыр» деп дүйнөгө мактанды. Ушуну эске алгыла», — деди Нурбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары «Сапат» лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.
Булак: NazarNews.kg