www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орто жана Чыгыш Европа, Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү үчүн уюштурулган Соода маселелери боюнча семинар жыйынтыкталды.

Иш-чара 13-15-февраль күндөрү Вена шаарындагы Бириккен Вена институтунун базасында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын атынын Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев катышып келди.

Уюштурулган семинардын негизги милдеттеринин бири катары парламент өкүлдөрү соода саясатын жөнгө салуудагы Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) жалпы ишмердүүлүгү менен тааныштырылды. Андан сырткары,  2017-жылдын декабрында Буэнос-Айрес шаарында өткөн жыйындагы көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы каралды. Анын ичинде ДСУнун күн тартибине жаңы киргизилген “соодадагы талаштуу маселелерди жөнгө салуу”, “аймактык жана көп тараптуу соода келишимдеринин балансын камсыздоо” маселелеринин жыйынтыгы талкууланды.

Семинардын катышуучулары үчүн бейпил турмуш, экономикалык өнүгүүдө кыймылдаткыч күч катары сооданы өнүктүрүү боюнча чечим кабыл алууда саясатчылардын, анын ичинде мыйзам чыгаруучулардын ролу жөнүндө дискуссия өткөрүлдү.

Ал эми семинардын соңунда “Дүйнөлүк соода уюмуна жана эл аралык соода маселелерине парламент мүчөлөрүнүн көңүлүн канткенде бура алабыз?” деген темада “тегерек стол” өттү деп билдирет КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости