www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тамакка ууланып, ооруканага түшкөн 2,5 жаштагы наристе чарчап калды. Бул тууралуу Кара-Суу аймактык ооруканасынын директору Гүлкайыр Муратова кабарлады.
Анын айтымында, учурда Кара-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 5 адам, реанимацияда 3 адам дарыланып жатат. Алардын абалы туруктуу. Ал эми беш бала Ош облустук жана шаардык ооруканаларга которулган. Алардын ичинен облустук балдар ооруканасында дарыланып жаткан эки жарым жаштагы наристе 17-февралда чарчап калды. Эске салсак, Кара-Суу районунда уулануунун белгилери менен он эки адам 13-февралда ооруканага түшкөн. Алардын ичинен бешөө балдар. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, манты жегенин жакындары билдиришкен. Дарыгерлер үй шартында жашылча-жемиштерди консервалоо кооптуу экенин, талапка ылайык жабылбаган идиштерде ботулизм микробу бат көбөйүп кетерин эскертишүүдө.Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин ооруканада жаткандарга "тамак-аштан ууланган" деген диагноз коюлганын кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg