www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн парламентте сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев "жакынкы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, кар жаайт" деп айтылып жатканына байланыштуу тиешелүү кызматтар даярдыгын жакшыртышы керек экенин белгиледи:

- Жаңы жыл алдында Төө-Ашууда болгон окуяны айтып беришти. Айдоочулар суукта ачка калып кыйналышты. 11-12-январда да кар жаайт деп жатышат, ошондойдун алдын алсаңар. Өкмөт мүчөлөрү той, ачылыштарга эмес, ошондой жерлерге өзүлөрү барышса, кабинетте отурбай. Анткени адамдар кар жеген учурлар болуптур. Нанды кар менен жешиптир. “Өзүм, аялым өлсө да кичине балам аман калса экен” деп тилегенин айтып берди бир жаран. Насыя, грант менен толтура техника келип жатат. Ошолорду алып барып коюш кыйынбы? Транспорт, өзгөчө кырдаалдар министрлери керек болсо ошол жерге өздөрү барышы керек эле тик учак менен. Адамдарга ушундай кыйын маалда жардам бербесек, качан беребиз? Ошко учак менен барып-келиш үчүн 3950 сом кетет экен. Бул бюджетте иштеген адамдын бир айлык маянасы.

Жаңы жыл алдында ӨКМ калың жааган карга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда бардык постторго чектөө киргизүүгө аргасыз болуп, кырдаал оорлоп кеткенин моюнга алган.

Мекеменин маалыматына караганда, 11-12-январда да Кыргызстанда кар калың жаайт деп билдирет Аzattyk Үналгысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости