www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев баяндама жасады.

КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевдин билдиришинче, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчысын (шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын) шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясый көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам байкот жарыялоо аркылуу атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар. Муну менен алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат. Бул жагдайга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Сунушталган мыйзам долбоорунун негизинде кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу зарыл.

Талкуу жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү кеңешке шаардык кеңеш менен айылдык кеңеш киргенден кийин экөө тең бир система менен шайлангандай кылуу керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости