www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жылдыз Мусабекова өзүнүн Фейсбук баракчасына төмөндөгү постту жазды:

"Тааак! "Интернетте алкоголду, тамекини рекламалаган сайттарга штраф салабыз" деген мыйзам менен келишти. Суроолорду жаадырдык...

Менин суроом эң жөнөкөй болду. "Азыр алкоголдук ичимдик, тамеки айтор ден соолукка зыян нерселерди чыгарган ишканалар көп. Атаандаштык күчтүү...

Ошол эле учурда бизде соц. сеттерде 2 млн.дон ашуун адам катталган. Эгер жеке профилинде адам "мен бүгүн ушу аракты ичтим, тиги тамекини чектим" деп рекламалай берсе кимисине штраф саласыңар? Адамгабы же араккабы? А эгер бир арак компания экинчи арак компанияга атайы кара пиар уюштурсачы? Азыр он жашар бала да фейк ачып алып алкоголду рекламай берсе болот. Бу жагы кандай болот? 

Мыйзамга ылайык жеке адам өз профилинде рекламаласа эч нерсе кыла алышпайт экен.

Анан кантип интернетти ооздукташат алкоголь рекламадан...

Сиздер кандай дейсиздер? 

Чийки мыйзамга көмөк көргөзчүлөр барбы? Акылдуулар арабызда көп эле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости