www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгына мурунку вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова суракка чакыртылган.  Сурактан чыккандан кийин социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жүктөп коомчулукка кайрылды.

"Сурак учурунда Кытайга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча бир нече суроолор берилди. Мени "Өмүрбекова дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды башка өлкөлөргө саткан" деп айыптоого шашкан адамдар үчүн айткым келип жатат: дал ушул Өмүрбекованын демилгеси менен пандемия учурунда дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды өлкөдөн сыртка чыгарып кетүүгө тыюу салуу жөнүндө буйрук чыккан.

Андыктан айыптоодон мурда маалыматты тактоо керек. Мени билгендер бир мүнөт дагы күмөн санаган жок деп үмүттөнөм, ал эми бул маалыматты манипуляциялоого аракет кылгандардын абийирлерине койдум. Азыр эң негизгиси вирусту жеңүү, калган нерсе маанилүү эмес. Өзүңөргө жана жакындарыңарга кам көрүңүздөр", - деп жазган ал.

Эске сала кетсек, буга чейин А.Өмүрбекова Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын лоббирлөө фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында сурак берүү үчүн чакырылганы маалым болгон.

Аны кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка 2020-жылдын 1-апрелинде президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости