www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда  Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соттук иши каралды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июлга белгиленген отурум айыпталуучу Курсан Асановдун ооруп жатканына байланыштуу 24-июлга саат 10:00гө жылдырылган.

Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Асанов эки өпкөсүнөн пневмония болуп, дарыланып жатат. Буга чейинки отурумдар да соттолуучу тарап оорусуна байланыштуу барбагандыктан өткөн эмес.

Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кылмыш жасоону уюштуруу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу”, “Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу”, “Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк”, “Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү” беренелери  боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости