www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абоненттерден "Түндүк электр" ишканасына төлөнө элек карыздарынын жалпы суммасы 500,6 миллион сомдун тегерегинде. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы маалымдады.

Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компания кардарларын карыздарынан кутулууга чакырат. Эгерде карыздар 14-сентябрга чейин төлөнбөсө, ишканалардын жарыгы өчүрүлө тургандыгы эскертилди.

Бир миллион сомдон ашык карызы бар ишканалардын тизмеси:

  • "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы — 22,9 миллион сом;
  • Мамлекеттик имараттар департаменти — 6,3 миллион;
  • Бишкек троллейбустук башкармалыгы — 2,8 миллион;
  • ЖАМКтын 36/47 мекемеси — 2,6 миллион;
  • Улуттук хирургия борбору — 2,5 миллион;
  • "Спорттук шаймандарды жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси — 2,3 миллион;
  • "Учкун" ААК — 1,9 миллион;
  • "Бета Иншаат Ятырымжылык" ЖАК — 1,9 миллион;
  • "Кыргызмебель" ААК — 1,6 миллион;
  • "Орок кыш заводу" ЖЧКсы— 1,2 миллион.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости