www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Залкар жазуучу Ч.Айтматов тууралуу жаңы китеп түрк тилинде жарык көрдү. Китептин бет ачары Улуттук илимдер академиясында өттү. Иш-чарага эмгекти чыгарууга чоң салым кошкон Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери, жазуучуну терең баалаган окумуштуу, илимпоздор жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты. 

Отузга жакын өлкөнүн окумуштуу-илимпоздорунун эмгектери камтылган бул тарыхый китеп - залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын колдоосу менен чыгарылды. 100гө жакын макаланын көпчүлүгү Кыргызстандын окумуштууларына таандык.

Түрк тилдүү элдер үчүн маанилүү болуп эсептелген бул эмгекте - Айтматов таануудагы кийинки учурдагы жаңы ой- пикирлер, көз караштар камтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости