www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратурадан, тергөөчүдөн, соттун чечиминен азап чеккен жарандар өтө көп. Бир дагы чындык, бир дагы акыйкаттык жок. Мындай пикирин Баткен облусунун тургуну Абсаттар Анарбаев билдирди.

--"3 жылдан бери акыйкаттык издеген адамдарды көрүп келе жатам. Мурун соттолгон, кийин кайрадан каралсын деген токтомдо тергөөчүлөр эч нерсе сурабастан, көрбөстөн, билбестен эски көрсөтмөлөр менен сотторго арыз жазып жөнөтүп жатат. Сотторду эң бир жаман көргөзгөн тергөөчү экен. Мына мен ушуну аныктап чыктым. Экинчиден, муну прокуратура колдойт экен. Мына ушул прокурордун, соттун, тергөөчүнүн күнөөсү моюнга коюлгандан кийин жумушунан бошобой турган болсо, Кыргызстан эч качан оңолбойт. Себеби, тергөөчүдө өтө жашыруун иштер көп экен. Мен буга мисал катары Ботояровдун ишин айта алам. Анын ишин Кызыл-Кыянын тергөөчүсү тергеди. Бирок, бир да жолу ишенимдүү адамдан же жактоочудан, же өзүнөн сурабастан эски көрсөтмөнү кайрадан көчүрүп коюптур. Муну көрүп сот кантип чечим чыгарат?

Прокурордун кол койгону, тергөөчүнүн текшердим дегени, жалган көрсөтмө бергендерди иштен бошотмоюн Кыргызстан эч качан оңолбойт. Мына, президент Садып Жапаровго саботаж кылып жатышат. Эмне себептен антип жатышат? 

Учурда эң бир кызыктуу иштер болуп жатат. Мына рейдке чыгып, райондорду, сотторду, прокуратураны, тергөөчүнү ачык элдин алдында сүйлөтүп, аларды жумуштан бошотмоюнча Кыргызстандын жана Садыр Жапаровдун иши оңолбойт. Мисалы, Ботояровдун кылган иши боюнча бардык далилдер турат. Анын ишине бир дагы көңүл бурган адам жок. Кайра-кайра айтып, көргөзүп жатабыз. Бирок, 2021-жылдын 5-октярында сот кайра текшерилсин деген. Мына ушул күнгө чейин иши бүтпөй жатат. Соттун катасы алгач көргөзбөй туруп, айтпай туруп, буга чейин чыккан соттун чечимин жокко чыгарганы. Мына ушул соттор жумушунан бошобой турган болсо өлкөбүз такыр оңолбойт. "Живой" фактыларды көргөзүп, ооздоруна чайнап берип жатабыз. Буларды текшербесе, прокуратура карабаса, биз кимге ишенип, кимге таянабыз? 

Садыр Жапаров келгенден бери өзгөрүү болуп жатат. Бирок колго түшкөн сотту, прокуратураны бир жерден экинчи жерге жөнөтпөстөн, ошол учурда жумуштан алып таштаса Кыргызстан оңолот", - дейт Абсаттар Анарбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости