www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Кыргызстандын экономикасындагы кырдаал жакшы эмес. Мухаммедкалый Абулгазиев өкмөт башчылыкты аракалай баштаган жарым жылдан бери экономикалык өсүш болбой катып калды.
Айласы кеткен Абулгазиев суунун тарифин көбөйтүү сунушун киргизди. Анан Кыргызстандагы уюлдук телефондорду каттоо үчүн жүз сомдон төлөө зарылдыгын демилгеледи.
Эми болсо Экономика министри Панкратов Олег сатыктан түшчү салыкты (ар бир товардын наркынан 2 ден 5% га чейин) 2, 5 эсеге көтөрүүнү сунуштады. Мына ушундай элдин жонунан кайыш тилүү аркылуу Өкмөт башчысы каржалып, араң турган экономиканы көтөрүунү көздөп жатат. Космосту ачып келгендей бул жаңылыгына коом нааразы. Иштеген колунан келбесе, элди кыйнаган демилге сунуштарды жайнатпай кетпейби дегендер арбыды. Чынында иштей албаган мажүрөлүгүн жашырыш үчүн жаңы салыктар менен элди муунтуунун кереги барбы?
Президент Сооронбай Жээнбеков "аймактарды өнүктүрүү жылы" деп ооз көптүрүп жатканда, Өкмөт башчысынын кылганы бул. Мындайды окшошконго мушташкан же эшегине жараша тушагы дейт элибизде.
Булак: "Ачык саясат"