www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикаснын Президенти С.Жээнбековго «Журт Келечеги» коомдук Бирикмесинин мүчөлөрүнүн атынан КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз "Журт Келечеги" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү сиздин жүргүзүп жаткан саясатыңызды колдойбуз.

"Ааламга кеткен жол айылдан башталат" демекчи, сиздин 2018-жылдын 10-январындагы "2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо жөнүндөгү №2 жарлыкты жарыялагандыгыңызды эң туура деп, эсептейбиз. Ушул жарлыктын негизинде, канча жылдан бери көңүл бурулбай калган айыл-кыштактарга чейинки региондордун өнүгүүсүн өз көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз. Республиканын негизги көйгөйү болгон чек ара маселеси боюнча Сизге кайрылууну тура көрдүк.

Чек арага чектеш айылдарда такталбаган чек ара тозотторунда болгон талаш-тартыштар, ок атышуулардан улам, канчалаган кыргыз жарандары каза болуп, дагы канчасы жарааталган учурлар кездешүүдө. Бийликтараптан көзөмөлдүн жоктугунан тиешелүү кызматтардын боштугунан улам, канчалаган жер тилкелери коңшу мамлекеттердин карамагына өтүп кетип жаткан учурлар кездешүүдө.  

Атап айтсак: Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагынын "Ажек" учаскасында тоонун үстү жагына Өзбекстан тарап жол салып жаткандыгы боюнча жеринде көрүп келгенбиз.

Ошол жерде 2018-жылы 27-январда Үсенбаев Асан аттуу биздин жаранды өзбек чек арачылары атып, өтө чоң резонанс болгон Кыргызстанда Өзбекстанда жакшы билет.

Ошол каргашалуу окуядан кийин, мына ошол жерлерди эмнегедир Өзбекстан өз карамагына каратып алып, шашылыш түрдө жол салып баштаганын көрүп келдик . Бул маселеде жергиликтүү бийлик дагы эмнегедир алсыз. 2000-жылдары Өзбекстан тарап чек арасын аныктап баштаганда, азыркы жол салып жаткан жерден эң эле аз дегенде 6 же 7 км ары жакта эле. Жалпысынынан 250-300 гектардай жер «Өзбекстанга өтүп кетти» деп, жергиликтүү калк айтышууда.

Бул жерлер ушул убакка чейин Кыргызстандын жарандары жазында дыйканчылык, кышында мал багып колдонуп келген жерлер. Бүгүнкү күндө интернет булактарында бул маалымат тарагандан кийин Өзбекстан тараптан бул иштер токтотулуп тургандыгы боюнча маалыматыбыз бар. Бул жерлер илгертен бери эле Кыргыз Республикасынын жерлери болуп келген. Тез аранын ичиде тиешелүү мамлекетгик кызматтарга тапшырма берип, эки тараптын чек ара кызматтарын катышуусунда бул чек ара сызыктарын аныктоо керек экендигин жеке көзөмөлүңүзгө алып, маселенин оң тарабына чечилишин көзөмөлдөп берүүңүздү суранабыз.

Мындан сырткары Көк-Серек айыл аймагына караштуу Кош-Болот, Таш-Арык участокторунда такталбаган чек аралардын айынан, жашоочуларга өтө кыйынчылыктар пайда болууда. Кээ бир тургундар үйүнөн чыккангада зар, себеби Өзбекстандын чек арачылары "биздин чек ара " деп ошол жерлерде басып жүрүшөт. Бул айыл тургундарынын эң чоң көйгөйү.

Республикалык деңгээлде чек-ара маселесине көңүл коюп, делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча эки өлкөнүн комиссиялары менен биргеликте Тажикистан жана Өзбекстандын ортосундагы талаштуу жүздөгөн чакырым чек аранын тагдырын тез арада чечүү, чек арабызды бекемдоо зарыл. Анткени чек арабыз бекем болмоюнча элибиз бейпил турмушта жашоосуна шарт түзүлбөй тургандыгын эске алып, жаштардын эртенки келечегине бүгүндөн баштап кам көрүү зарыл экендигин эске алууңузду суранып кетебиз. Бул маселелерди жеке көзөмөлүңүзгө алып, оң тарабына чечилишине жакындан жардам корсөто тургандыгыңызга ишенебиз.

Сизди терен урматтоо менен, «Журт Келечеги» коомдук бирикмесинин Төрагасы, Кылыч Шанаев жана башка жергиликтүү тургундар.

Байланыш: 0705 112 101

Булак: NazarNews.kg

Последние новости