www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев өңгү-дөңгү сүйлөп коймой адаты бар экенин коомчулук жакшы билет. Бул депутат өткөндө кыргыз элине, мамлекетке күйүп жаткандай болуп «тыштан алган карызды элден чогултуп төлөйлү, каалоочуларга атайын эсеп ачкыла» деп өкмөткө сунуш берген.

Албетте, сунушу жагымдуу туюлган менен анын мамлекетке тиигизчү кесепети кандай болот дегенди депутат ойлонбосо керек. Тилекке каршы, ошол ойло-нулбаган сунушту өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев олутуу кабыл алып, ойлонулбаган кадамга барды.

Жолдошбаевдин мээси менен ойлонгон Абулгазиев атайын эсеп ачпаганын илимге жаңы ачылыш жасагандай сүйүнчүлөдү. Эми өз элинен садака үмүт кылган өкмөткө эл аралык финансы институттары, башка өлкөлөр ишеним артабы деген маселе жаралды.

Буга байланыштуу чет өлкөлүк абройлуу басылмалар «Кыргызсган дефолтко учурады» дегенди жазып башташты. Кыргыз мамлекетинин аброюна сокку уруп, имиджин өлтүргөндөр өлкөнү өнүктүрөт деген абсурд эмеспи...

Булак: Фабула
 

Последние новости