www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн ишембиде өкмөт башчы М. Абылгазиев Ысык-Көлгө эл менен жолугушууга барганда алгачкы жолугушуусу Каракол шаарында өттү. Айталы дегенибиз, ашыкча кошоматтангандардын аракетиби же Абылгазиевди жандагандардын ойлоп тапканыбы, ал күнү премьер-министрге көйгөйлүү маселелелерибизди айтабыз деп келгендердин дээрлиги имараттын сыртында калышты.
Областтын борборундагы ошол жолугушууну кимиси уюштурганын биле албадык, Өкмөт башчы менен жергиликтүү кеңештин депутаттары гана жолугуша алат» деген буюртма чыгып, премьер-министр менен жолугушууга катышуучулар күн мурунтан тандалып, «электен өткөндөр» гана такталып , жолугушууга тизме боюнча паспортторун көрсөтүп кирип, «дүжүр» пикирлер гана айтылды.
А чыныгы көйгөйлүү маселелер өкмөт башчыга жетпей имараттын сыртында калды томсоруп...
Анан да президент баш болуп «региондорду өнүктүрүү жылы», «элет элинин ар бир арыз-муңу каралбай четте калбасын» дегендеричи...
Булак: “Айгай-пресс”