www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс Кулов кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан окуя тутанган кезде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек өргүүсүн улантып жатканында маселе жок деп эсептейт. Өзүнүн өкмөт башчы болуп турганына кусадар болгон Феликс Кулов премьер иш сапарына эле барып койгону маселени чечпесин белгилеп, чек ара боюнча иш ырааттуу жүрүшү зарылдыгын да айтты. Феликс Куловдун оюнча чек ара талаштарына Абылгазиев эмес Боронов барганы нормалдуу эле. 1-июнда окуя болгон жерге вице-премьер-министр Кубатбек Боронов барып, Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту. Премьер-министр Абылгазиев 27-майда эс алууга  чыкканы белгилүү.

Абылгазиев кызмат ордунда жок болсо деле талаштуу тилкелер боюнча ыкчам түрдө абройлуу эксперттер жеринде иштегени туура. Чек ара аныктала элек жерде суу болсо кайсы тарап кайсы убакта канча суу алып турса болот, жайлоо болсо ар бир тараптан канча мал жайылат деген сыяктуу маселелерди так чечип алуу зарыл. Кыргыз-тажик чек арасына токтолсок, балким, ал тарапта чагымчыл күчтөр бардыр. «Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы» деген уюм бар. Оппозиция болгондуктан алар чатак чыгышына кызыкчылыгы бар. Ошондуктан ал жерде биздин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Мамлекеттик чек ара кызматы чогуу иштегени туура. Эки тарап ок атуучу курал колдонууга таптакыр тыюу салып, чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт уюштуруусу зарыл. Системалуу жана комплекстүү мамиле жасалыш керек. Майдын аягында кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркап, төртөө ооруканада жатат. Алардын экөө реанимацияда, абалы оор. Өзбекстан тараптан да жаракат алгандар бар экени айтылууда. Социалдык түйүндөрдө чек арада абал курчуп турганда анын эс алууда жүргөнүн сындагандар көп.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости