www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда интерьердик фирмада иштеген кызматкерлерди жумуштагы иш планды так аткара албай калгандыгы үчүн жетекчилик сөөлжан жедиртип жазалады. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Гуйчжоу провинциясында орун алган. Жазаланган кызматкерлердин сөөлжандарды ооздоруна салып, аны суу менен жутуп жаткандагы видеосу социалдык тармактарга тараган. Бирок видео фирманын жетекчилиги тарабынан оперативдүү түрдө өчүртүлгөн. Кийинчерээк бул фирмада иштегендерди жазалоонун бир нече ыкмасы бар экендиги аныкталган. Мисалга түзүлгөн келишимге ылайык, кызматкерлерди тирүү балыктарды жеп, даараткана жууп, өз эсебинен офистегилердин баарына түшкү тамак алып берип же 500 юань айп пул төлөшү керек деген талаптар болгон.

Аталган факт боюнча укук коргоо органдарында териштирүү иштери башталганы маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости