www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган эки Республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Биз коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасынын аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча зарыл чараларды кабыл алдык. Эки Республикалык штаб түзүлдү: коронавирус инфекциясынын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жана инфекциянын өлкө аймагына киришин алдын алуу жана  жайылышына жол бербөө боюнча. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайларында текшерүү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдөн келген бардык жарандар 14 күндүк карантинге жаткырылууда. Бул бардык өлкөлөрдө кабыл алынган атайын чара.

Кытай Эл Республикасы негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат. Анын жалпы товар жүгүртүүдөгү үлүшү 26,4% түзөт. 2019-жылга карата импорттун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 35,4% түзгөн. Негизинен бул өндүрүш үчүн сырьелук база. Азыр сырьенун запасы бар, бирок ташуулар качан жана кандай жол менен калыбына келери белгисиз. Мында биздин кемчилдиктерди аныктоого гана эмес, өз өндүрүшүбүздү башынан баштоого аракет кылуу мүмкүндүгү пайда болду",-деди Абылгазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости