www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ордонун" өткөн санында Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводунун спецадминистратору Махамаджан Көчкөнбаевдин "Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводдун иши токтосо, шаарда социалдык жарылуу болуп, элдин баары шаарды таштап кетет" аттуу актуалдуу маеги жарыяланган.

Аталган шаардын тургундарынан бул маселеге карата пикирлерин билдирген каттар келип түшүүдө...

Жарым кылымдан ашуун таржымалы бар «Майлуу-Суу лампа заводу» өзүнүн өндүрүштүк жолунда 4 ирет кайра түзүүгө дуушар болду. Алгач, 1964-жылы декабрда СССР Өкмөтүнүн буйругу менен "ВЛКСМдин 50 жылдыгы атындагы Майлы-Сай электролампа заводу" түзүлүп, 1970-жылы анын өндүрүш кубаттуулугу 302 миллион даана (бир жылда) лампа чыгарууга жеткен. Союздук республикалар арасында гана эмес, жаамы жаханга Кыргызстандын атагын таркатып турган үлкөн ишкананын "шоркелдей" тагдыры СССР урап, социалисттик өндүрүш жолу капиталисттик нукка түшкөндөн кийин башталды...

1995-жылы 11-июлда Батыштын «РЕSАС» программасына байланыштуу ВЛКСМдин 50 жылдыгы атындагы Майлы-Сай электролампа заводунун базасында жаңы ишкана - Майлуу-Суу электролампа заводу" мамлекеттик акционердик коому (ГАО "МС ЭЛЗ") түзүлгөн. Ал эми 1998-жылы 11-июнда аталган ишкана менчик түрүнүн өзгөрүүсү менен "Майлуу-Суу электролампа заводу" ачык типтеги акционердик коому (АООТ "МС ЭЛЗ) болуп кзйра түзүлөт.

2003-жылы 4-сентябрда "МС ЭЛЗ" ачык типтеги акционердик коомунун базасында менчиктүрүнүн өзгөрүүсү менен "Майлуу-Суу электролампа заводу" ачык акционердик коому (ОАО "МС ЭЛЗ") пайда болот.

2010-жылдын декабрында "МС ЭЛЗ" ААКнын активдерииин базасында "Майлуу-Суу лампа заводу" жоокерчилиги чектелген коому (ОсОО «МС ЛЗ») түзүлөт.

Мына ошентип кезегинде көп улуттан журт курап, дүркүрөп өсүп турган лампа заводдун бүгүнкү күндөгү маселеси жабылуу коркунучуна кептелип турган кербези. (Айтмакчы, заводдун Соцфондго болгон карызы өсүп кеткендиктен 2009-жылы Жалал-Абад райондор аралык соту тарабынан банкрот деп табылган. Муну заводдун "өмүрүн кыскартуу үчүн" атайын жасалган иш,- десек да болот.

Анткени, 2001-жылы Майлуу-Суу лампа заводун 3 млн 2000 долларга сатып, 18 млн доллар инвестиция жумшамакчы болгон Россиялык жаран Столповский деген неме заводду Казакстандагы "Халык банкка" 9 млн долларга күрөөгө коюп жиберген).

Стратегиялык обьект катары эселтелип, 100 пайыз акциясы жеке тараптарга энчилүү болгон (мамлекеттин 1 пайыз да акциясы жок) заводду иштетип кетүүнүн жолу барбы?

Эгерде ал ишин токтотсо элге жана мамлекетке кандай зыяны тийет?- деген суроолор ММКларда талкуу жаратып жатат.

Баш мыйзамга ылайык, Кыргызстанда менчиктин ар кандай түрлөрү (жеке, мамлекеттик, муниципалдык ж.б.) таанылат жана тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет. Кеп менчиктин түрүнде эмес! Анын маңызы - жалпы элге пайдасы тийип, калкты жумуш менен камсыздоосунда жана өлкө экономикасына кошуп жаткан салымында болуусу шарт. Анткени, менчиктин бардык түрүнөн мыйзамдарда каралган шарттарда салыктар, жыйымдар төлөнөт. Бул мамлекет казынасын түзүп, бюджетти түптөөнүн негизги булагы болуп калат.

Ар бир жеке менчик ишкана өзүн-өзү каржылап, калкты жумуш менен камсыздап, мамле-кетке салыктарды төлөп турса мамлекеттеги саясий-экономикалык туруктуулукту камсыздаган болот. Мисалы, Майлуу-Суу лампа заводу акыркы 10 жылда Соц-фондго, салыкка 1 млрд 300 млн сомдон ашык акча төгүп берген.

Тилекке каршы, заводдо эмгек ыргагы барган сайын басаңдап, чыгарылган продукциянын көлөмү жана жумушчулардын саны кыскарып отуруп, завод.

2019-жылды 3 млн сом чыгаша менен жыйынтыктап отурат. 2015-жылга чейин 3000 жакын жумушчу иштесе, азыркы учурда 1700дөй гана эмгектенет. Ал эми завод кирешеге чыгыш үчүн алардын санын дагы 500-700 жумушчуга азайтуу керек экен. Ошондуктан бүгун заводду жабуу же жумушчу санын кыскартуу зарылчылыгы келип чыгууда. Бул эки шарттын кайсынысын колдонгон учурда да Майлуу-Суу шаарындагы калктын жашоо-турмушуна кедергисин тийгизип, социалдык оор абалга алып келээри шексиз. Шаарда мындан башка бир да өндүрүш объектиси жок.
Албетте, завод толук кубаттуулукта иштеп турган чакта Майлуу-Суу шаарында иштеп, отурукташкан калктын саны да, курамы да көп болгон. Расмий маалыматтар боюнча 2009-жылы шаарда 22 853 адам катталып турса, бул көрсөткүч 2017-жылдын 1-январына карата 21900 адамды түзгөн. Демек, шаар калкынын табигый өсүшү токтоп, улам азайып баратат.

Ошондуктан кыргыз өкмөтү заводдун иштешине кызыкдар болуп, анын технологиялык өндүрүшүн модернизациялоого, товардын түрүн көбөйтүүге жана жаңы рынок издөөгө жардам берүүсү зарыл деп эсептейм.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости