www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаман иш болду, Көлдүктөр экинчи жолу уят болдук. Биринчиси - Урмат Барыктабасов менен уят болгонбуз, экинчисинде - Садыр Жапаров менен. Уят болбойт элек, мобу провокаторлор баш бербейт турбайбы, көрдүңөрбү?

Аягында 10 киши чыгып эле "кеттик, кеттик",- деп элди алып кетип калышты. Аларды эч ким тааныбайт.

"Чоң казаттын" балдары кеңешип, митингге чыкпайбыз деп айтканбыз. Садыр Жапаров өзү түрмөдөн "чыкпай эле койгула" деди. Бул кандай деп калдык. Канат Хасанов Садыр Жапаровдун агасы Сабыр байкеден сураса, ал "Ооба, чын эле Садыр өзү жазды, өзүңөр билгиле" деди. Көп балдар чыкпай калышты.

Баш ийбегендер, Көлдөн чыгып алгандар барабыз дешти. Мен деле силерге окшогон эле жаранмын. Депутатыңар эмесмин. Тим эле мага мандат берип койгонсуп укмуш сөктүңөр го мени. Депутатыңардай эле сөктүңөр го. Садыр аба чыкпа десе чыкпай койдук. Туура кылыптырбыз, эмне бизди да камап салса, "Жапыкеевге боштондук" деп эч кимиңер чыкпайсыңар.

Каныбек Осмоналиевге убал болду. Ал бийликти басып алалы деп чыккан эмес. Сабыр Жапаров таркагыла деп жатты, эч ким укпады. Кана, силер шайлап койгон бир депутат митингге чыктыбы?

Мени коркок дейсиңер. Арменияда Пашинян митингге чыкканда аны ээрчип 50 миң адам чыккан. Бирөөсү провокация кылган эмес. А биз кыргыздар ушундай эл экенбиз, өзүбүздү-өзүбүз провокация кылып, шорлотот экенбиз. Ошол митингге бүт карапайым чор таман адамдар барган.

Алардын бийликти алалы деген ою жок болчу. Ошондуктан урматтуу президент, башкы прокурор, ИИМ, УКМК жетекчилери, азыр жалпы кыргызга амнистия кылбайлыбы? Садыр абаны чыгаралы. Акаев, Бакиев, Атамбаевдердин баарына эле амнистия кылыңызчы, урматтуу президент.

Ошондо жакшы болосуңар. Силердин жан-жөкөрлөрүңөр жалпы амнистияны каалабай жатышат. Акаевди, Бакиевди кууп кетирдик. Атамбаевди түрмөгө олтургуздук. Мен Отунбаеваны президент болгон деп эсептебеймин. Конституцияны 2010-жылы Ошто согуш болуп жатканда Бишкектен эле добуш бердиртип, кабыл алып коюшкан. Эч ким референдумга барган эмес ошол күнү.

Экс-прокурор Сыймык Жапыкеевдин видео кайрылуусу интернет булагынан алынып, кебинин стили сакталды.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости