www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин кадрдык өзгөрүүлөргө аракеттер көрүлүп келгени менен окшошпой, элге үмүт бербей аткан. Эмесе, жазга карай бул жаатта кескин бурулуштар болору, иралды өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев да отставкага кете турганы кабарланды. Ошого катар күч органдарынын жетекчилери да алмашарын эшиттик.
Соңку убактагы вице-премьерлердин алмашуусу да коомчулукка жакшы кабыл алынбай, бул жааттан да кескин түрдө сын-пикирлер курчуп кетиптир. Быйыл саясый окуяларга бай жыл болорун эсепке алсак, анда “жети өлчөп, бир кесүүгө” мезгил келди да...
Кыскасы, учурда аткаруу кызматтарынын баардык тармактарында көйгөйлөр арбын. Мына ушул жагын ыраатка сала турган өкмөт башчы ишке жарабай атса, демек, күтүүсүз кадрдык жаңылануулар эми башталат окшойт...
Булак: "АЗИЯnews"