www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндөгү баардык өлкөлөрдө тышкы иштер кызматы мамлекеттин эң каймактуу жана абройлуу тармагы катары эсептелет. Дипломат болуп улуттук кызыкчылыкты коргоо – бир канча чет тилди, саясат, тарых, экономика жана маданиятты эң жогорку деңгээлде билүүнү талап кылары белгилүү. Эми ошол улуттук дипломатиянын уюткусу жана мотору катары ТИМдин статс-катчысы болушу керек. Батыш же Чыгыш мамлекеттерин алабызбы, ал жерде статс-катчы катары дипломаттардын эң тажрыйбалуусу дайындалып, саясый жетекчилик канча алмашса да, ал туруктуу тышкы саясаттын алып баруусун камсыздайт.
А бизде кандай? Кечээ күнү ТИМдин статс-катчысы болуп мурун спорткомитетти жана Ошто бир канча жыл гендер маселеси менен алек болуп жүргөн Нуржан Бардинова деген айымды өкмөт дайындаганы катуу сынга алынып атат. “Ушул кантип болсун?” деп өтө дасыккан дипломат экс-элчи Аваз Атаканов ачык, бирок жумшак суроону кабыргасынан коё алды. Ал эми башка дипломаттар ачык чыкпаса дагы, элчилердин он чактысы жана жалпы ТИМдин жамааты катуу нааразы болууда. Тил жана дил билбеген элчилердин дайындалганы бир жөн. Алар го алыс кетип, компетентсиздиктери көзгө көп көрүнбөйт. Ал эми Н.Бардинованын эң маанилүү тармактын мотору боло албасы белгилүү эле болуп турат. Жамааты жаман көрүп турса, тил билбесе, эл аралык саясатты жана этикет протоколду билбесе, аны ким сыйламак эле? Же боло береби? Бул жерден жаңы жана жаш (!) деп айтылган Чыңгыз Айдарбековдун чоң катачылыгы жана кубатсыздыгы көрүнүп калды. Мыйзам боюнча министрдин гана макулдугу менен статс-катчы дайындаларын билебиз.
Урматтуу Чыңгыз мырза, бул эмне кылганыңыз? Тез арада Нуржан Бардинованы башка мамлекттик тармакка жөнөтүңүз дагы, тажрыйбалуу коллегаларыңыздын бирин дайындаңыз!
Булак: "АЗИЯnews"