www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды. 

Тараптар координациянын жана биргелешип аракеттенүүнун маанилүүлүгүн белгилешип, ошондой эле зарыл маалыматтарды ыкчам алмашуу жана тиешелүү жардамдарды берүү тууралуу макулдашышты. 

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө ошондой эле Россия Федерациясынан импорттолуучу күйүүчү-май, азык-түлүк  жана товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости