www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки күндөн бери базарларды каптап, “азык-түлүк калбай калат” деп кымбаттап кетишине карабастан, күнүмдүк жашоого керектүү азык-түлүктөрдү сатып алгандар көп болду. Көбүнчө унга басым жасалып, базарлардан ун таппай калган учурлар да болду.

Белгилей кетсек, Казакстанда коронавирус аныкталгандыгы маалым болгондон кийин, Кыргызстандын кээ бир дүң базарларында азык- түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетиптир деген маалымат, социалдык тармактарда жамгырдай жаап, элди дүрбөлөңгө салды.

Азык-түлүккө суроо-талап көп болгондуктан, алып сатуучулар пайда көрүү максатында күнүмдүк керектелүүчү ун, шекер, суу май, кесме сыяктуу продуктуларга каалаган бааларын кошуп сатып киришкен.

Ушуга байланыштуу финпол тарабынан жумушчу топ түзүлүп, алар күнү-түнү товарлардын баасын көтөрүп салган  пунктарга барып, текшерип чыгышты. Финпол тарабынан айрым товарлардын баасын көтөрүп, алып-сатууга аракет кылган ишкерлерге “Монополиялык иш-чаралар жана атаандаштыкты чектөө” беренеси боюнча бир катар сотко чейинки өндүрүш иштери козголду.

ТЬөмөндөгү видеону Фейсбук социалдык тармагынын "Билип ал" баракчасы жарыялап, "2000 сомдон ун саткандар эки күндөн бери майрамдап жатышат" деп жазып койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости