www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Биз баарыбыз бириккенде гана коронавируска байланыштуу кырдаалды жеңип чыга турган жагдайда экенибизди түшүнүүгө тийишпиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчынын айтымында, бардыгы Өкмөттүн жана Республикалык штабдын чечимдерин кармануулары кажет, аткарбагандарга карата катуу чаралар көрүлөт.
«Башка өлкөлөр бул жагдай менен кантип күрөшкөнүн жана ийгиликтерге кандай жетишкенин көрдүк. Элдин жоопкерчиликсиздиги кандай кесепеттерге алып келерин да күбө болдук. Бардыгы анын кесепети татаал болоорун түшүнүшү керек. Дагы бир жолу кайталайм, зарылдык болбосо үйдөн чыкпаш керек, коомдук байланыштарды түзбөй туруу зарыл. Жугуштуу ооруга кабылган ар бир адам жакындарына өзгөчө кам көрүп, алардан оолак болууга аракет кылышы керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Булак: NazarNews.kg