www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук банктын төрагасы каржылык туруктуулукту сактоо жана улуттук валютанын алмаштыруу курсуна тышкы факторлордун терс таасирин жумшартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

«Учурда валюта рыногунда чет элдик валюталарга суроо-талап жогору болуп турат. АКШ долларынын курсунун жогорулашы дүйнөлүк каржы базарларындагы өзгөрүүлөргө жана биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн базарларындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу. Бул өңүттөн алганда Кыргызстанда дагы долларга жана калган валюталарга карата валютанын курсу түзөлтүлүп жатат», - деп маалымат берди Толкунбек Абдыгулов.

Мындан сырткары, Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 18-мартында «Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Аталган токтомго ылайык, коронавируска байланыштуу насыяларды өз маалында төлөй албаган жана насыя тарыхчасы начарлаган зайымчыларга карата айыптык санкцияларды колдонуу боюнча коммерциялык банктарга чектөөлөр киргизилүүдө. Ошондой эле коммерциялык банктарга насыяларды төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуштамалары берилди.

Мамлекет башчысы азыркы түзүлгөн экономикалык кырдаалды, анын ичинде Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүндөгү абалды эске алуу менен туруктуу макроэкономикалык кырдаалды камсыздоо жана улуттук валютанын туруктуулугун колдоо зарылдыгын баса белгиледи.

«Өлкө экономикасына тышкы терс таасирлерди азайтуу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү тездетүү керек», — деп белгиледи Президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости