www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, мында нөөмөттө турган аскердик жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешкен.

Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал режимин укуктук аткарууну мындан ары карай камсыздоого тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Өкмөт башчы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, киргизилген режим аларды тийиштүү деңгээлде жүргүзүү үчүн эч бир таасир бербеши керектигин айткан.

Премьер-министр өлкөдө жүк ташуулар, ишкерлер жана дыйкандар үчүн эч кандай чектөөлөр жок экендигин ырастаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости