www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швецияда антисептикалык каражаттардын баасы дээрлик 10 эсе көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

"Азыр башкы көйгөй, баалардын жогору болушунан дагы антисептикалык каражаттарды табуу кыйын болуп жатат",- деп билдирген Швециянын Улуттук сатып алуулар борборунун кызматкери Зофия Сула.

Өлкөдөгү гигиеналык каражаттар, коргоочу костюмдар, бет кап, антисептикалык каражаттар менен камсыз кылган ишкана гигиеналык каражаттарга коронавирус пандемиясынын улам суроо-талап көп болуп жатканына байланыштуу анын баасы өскөнүн кабарлаган.

Баарынан дагы аталган каражаттардын ичинен антисептикалык каражатка болгон суроо-талап болуп көрбөгөндөй көп болуп жатат. Мурун 0,6 өлчөм бөтөлкөдөгү каражаттын баасы 6,61 крон болгон болсо, азыр анын баасы 70,07 крон (6 еврого жакын) турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости