www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жылыга Көчмөндөр оюнуна өкмөт катуу даярданып, алдын ала баардык шарттарды ыраатка келтирүүгө жандалбасташканын көрчүбүз. Бу саам Абылгазиевдин кашаң өкмөтү бир жыл мурунку бүтпөгөн жолду тескери сапырып, иши илгерилебей жатканын байкадыңарбы?
Анүстүнө дүйнөлүк шоу жылдыздардан сырткары да Эрдоган, Назарбаев өндүу Азиянын бир катар лидерлерин да чакырып алышыптыр. Башкасын айтпасак да, Эрдоган Ысык-Көлгө келсе, каякка жаткырарын билишпей, учурда жогорку жетекчиликтердин баштары катып аткан чагы.
Көрсө, Ысык-Көлдөн сыйлуу лидерлерди коноктоп, эл аралык стандартта конок үйүнө жайгаштыруу жагынан артта калыптырбыз да. Анан калса аталган облустун губернатору Узарбек Жылкыбаев да ишинен аксап, туристтерди тартуу, аларга шарт түзүү жагынан да сылтып калыптыр.
Бактысына жараша быйыл Ысык-Көлдө сезон да жакшы болбой, дээрлик пансионаттар баштагыдай каралбай, ашмалтайлары чыгып атканын эшиттиңерби? Башчысы Абылгазиев болсо, губернатору Жылкыбаев «окшошконго мушташкандар» дегендей, жыргатпай калышты го?..
Булак: АЗИЯньюс