www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караңгылыкка жетелеген "мэрлик" орун

Акыл калчап канча баш оорутсак деле Бишкектин мэрлигине бут койгондордун басымдуу бөлүгү  жаманатты болуп кетишиптир. Анда эмесе башынан баштайлы?

Маселен Аскар Акаевдин убагында мэр болгон Феликс Куловду бийлик камап салган. Дагы жакшы төңкөрүштүн амири менен эркиндикке чыкты.

Арстан Ногоев болсо качып кетип араң кутулду. А.Салымбековдун эси ордунда экен убагында түйүнчөгүн түйүп кетип калды.

Данияр Үсөнов да чала-була мэрлик такка отуруп көргөн. Анын деле азыркы көргөн күнү караңгылыкка чулганды.

Нариман Түлеевди кытайдан алынып келинген автобустар  “басып” жыгылды. Ал аз келгенсип темир тордун ичине кирип “баландага” кириптер болгон.

Иса Өмүркуловдун үстүнөн доомат токулганда  аны эптеп мурдагы өлкө башчы куткарып калды.

Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши да мэрликте иштеген кезиндеги окуяга байланды.

Акыркы мэрди – Албек Ибраимовду дагы  жөн кетиргилери келбей “келекелеп” турушкан кези. Эми ага башка  ишмердүүлүгү боюнча илинчек табышаары маалым болуп калды.  Эмнеси болсо да борбордогу мэрлик кызматтын таржымалына кайрылсак соо кеткен эч ким болбоптур. И-ии баса, Борис Силаевди гана гүл менен узатышканы эске түштү.

Кезек кимге келерин саналуу күндөрдөн кийин билебиз. А бирок “тозоктун” белине калтырчу майлуу орунга көз кызарткандар толтура. Кызык, эртеңкисин ойлонбой калышат окшойт а-аа  бийликке жутунгандар!

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости