www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

  1. Атамбаев тарабынан 2016-жылы 16-декабрда жалпы элдик референдум аркылуу өзгөртүлгөн Конституция боюнча өкмөт башчысына көбүрөөк полномочие берилген. Башкысы парламенттик мамлекеттин өкмөт башчысы катары фракция лидери менен биригип аткаруу бийлигин өзү дайындайт. Аткаруу бийлигин премьер дайындаган соң, мамлекетте эмне иштер аткарылып жатат, премьер жооп бериш керек:
  2. 2018 –жылдын апрель айында же мындан эки жыл мурун өкмөт башына келип, Абылгазиев элдин көзүнө көрүнөрлүк эмне чоң иш жасады? Ал өкмөт башына келгени өзүнүн жакындарын мартабалуу, капчыктуу кызматка тарткандан башка эл үчүн кылдай деле жакшы нерсе кыла элек.
  3. 2019-жылы апрелде өкмөт тарабынан уран боюнча жүргүзүлүп жаткан маскарачылык иштеринин бети ачылып, коомчулук тарабынан уранга каршы пикирлер агылып жатканда, Осмонбетов сыяктуу экологияга жооп бере турган жетекчилер уран казылып жаткан жердин пайдалуулугун жөнү жок далилдеп, элге уят болгону бар.
  4. Президент Сооронбай Жээнбеков:
    "Менин программам кагазда эмес, менин программам жүрөктө жана башымда. Айт десеңиздер, кандай көйгөй болсо, кандай чечиш керек экенин айтып берем!"-деген. Коомчулуктун учкайына тарап турган уран маселесине чекит койгон.
  5. Эки жылдык өкмөт башчылык милдетин аткарып жатып, президенттик администрация тарабынан жасалып жаткан жакшы иштерди өзүн ыйгарып алгандан башка мыкты иш жасай алган жок. Алсак, 2019-жылдын апрелинде парламент аркылуу жалпы элге кайрылып президент күзүндө мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлөрүн айткан. Күзүндө мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү, бирок кээ бир категория, разряддар кыскартылды. Мугалимдер айлыгынын көтөрүүнүн эгедери Абылгазиев болуп алды.
  6. Абылгазиевди мыйзам боюнча өкмөт башчысынан кетире турган компетенттүү орган бул мыйзам чыгаруучу бийлик -парламент. Парламентте тиешелүү добуш топтолуп бул маселе көтөрүлө турган болсо, тез эле чечилип калышы ыктымал. Арийне, “Ашуудан ат алмаштырбайт”, парламенттик шайлоого да саналуу айлар калды. Парламенттик шайлоодон соң башка жаңы өкмөт шайланып келип, мамлекетти өзгөртүү үчүн камын көрө баштар. Абылгазиевдин иштей албай тарпы чыгып калган өкмөтүн алмаштырууга, азыр парламенттик шайлоого камына баштаган депутаттардын духу жетпейт го?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости