www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Голливуд актеру жана режиссеру Жеки Чан коронавирус жуктуруп алды деп шектелип ооруканада жатат деп тарап кеткен кеп боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Facebooк тармагындагы баракчасына төмөнкүчө жазды.

"Камкордугуңар үчүн баарыңарга рахмат айтмакчымын. Мен карантинде эмесмин, тынчсызданбагыла. Башкалар да сак-саламатта жана коопсуз абалда болсун", — деп жазган актер.

Элге сала кетсек, чет элдик басылмалар болжолдуу түрдө актер Гонг-Конгдо өткөн кечелердин биринде вирусту жуктуруп алышы мүмкүн делип карантинге алынганын, ошол эле кеченин 19 жаштагы күзөтчүсүнөн кийинчерээк илдет табылгандыгы айтылган. Буга чейин Джеки Чан Кытай элине кайрылып, кимде ким ооруга каршы вакцина таба турган болсо ага сый акы катары 1 миллион юань убадалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости