www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Президент өзү эч бир партияга кирбей, саяасий атаандаштыкты күчөтүп, шайлоого катышкан баардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилет деген сөзү ишке ашаарына ишенесизби?

- Президентке ишенген менен шайлоо башталганда сатылып кете турган шайлоочуларга ишенбейм. “Кайсы партия канча сомдон берет экен?”- деп эле көнүп калдык. Азыр деле акчасын чачкандарга добуш бере тургандар, агитатор болуп иштейбиз деп күтүп жаткандар толтура. Ошол эле учурда алданбайлы, намыс керек, сатылбайлы деп элди таза шайлоого үндөп жаткан топтор, жаштар да бар. Ошондуктан президент бийлиги колунда турган соң, Ошто 30 миң кишини каттоого тургузган эл душмандарын жок дегенде 3 жылга кесип жиберсе ошондо селт этип ойгонуп, анан “мыйзам иштейт экен” деп коркуп калаар эле. Болбосо, сөгүш жарыялап, “иштей албай жатасыңар, чык эшикке” деп кубалаган менен кайра айланып башка эшиктен кирип келип отуруп алып жатышпайбы. Ошондуктан мыйзамдын негизинде жоопко тартыш керек. Пара бергенди да, пара алганды дагы. “Президентте укук жок” деп жатканыбыз менен баарыбыз эле ажонун оозун тиктеп отурабыз. Ошондуктан таза шайлоо өткөрүү да президенттин колунда деп ойлойм.

Булак: "Майдан.kg"

 

Последние новости