www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Аймагында базарлары бар айылдардын бюджети 10 эсеге чейин жогорулаган фактылар бар”, - дейт депутат Абылкайыр Узакбаев “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын  Ош шаарында өтүп жаткан көчмө жыйынында. Аталган иш чарада аймактарда жумуш орундарын түзүү суроосу талкууланып жатат. Депутат ошондой эле “ээри жок атка минип калгандай эле” кызматка кокустан келип калган акимдердин иштөө ыкмасына токтолду. Алардын ыңгыранган ыкшоолугун жоюу үчүн акимдердин ишмердүүлүгүн баалоочу критерийлерге алардын канча жумуш ордун түзгөндүгүн карап, ачкан ишканаларын санап баа берилсе, - деди.

“Банктарга болгон көз карашым бир топ өзгөрүп, ынанымым бекемделди” – деген депутат Тынчтык Шайназаров дагы, -“Район акимдеринин иштерине баа берүүнүн бир критерийи канча жумуш орундарын түздү, канча ишкана ачылды деген шарт менен коштолсо, инвестор издеп аракети күчөмөк”, - дейт.

Депутат Зиядин Жамалдинов, - 453 айыл өкмөтүнө бирден - экиден трактор алып берүү мүмкүнчүлүгү бар каражат булактарын караштырып, ага 5-7%дан насыя берсе болот, - дейт. Болгону кредитке бюджеттин каражатын колдонбош керек, - деген депутат дотациядагы айылдарга чакан мал союучу, мөмө – жемиш кургатуучу цехтер ачылса иш жылмак , - деп кошумчалады.

Жолугушууга келгендер Батыржан Кадыровго тиешелүү ишканалардын таландыга түшүп, кароосуз калгандыгын айтып, Жалал – Абад шаарындагы аэропорттун шаар ичинде жайгашкандыгын, ун чыгаруучу комбинаттардын иши солгундап жаткандыгын жана балдар бакчаларынын мамлекетке кайра кайтарылышын камтыган маселелерди көтөрүштү.

Аэропорт маселесине келгенде депутат Алтынбек Жунус уулу Талас аэропорттун ичинде хансарайлар салынып кеткендигин мисалга келтирип, аэропорт аянттарын тактоо зарылчылыктарын айтты."Ошондой эле шаар ичинде жайгашкан аэропорттон чоочулоонун деле кажети жок. Себеби, мисалы Стамбулда деле шаар аймагында турган аэропорт бар. Андан маселе жаратуунун зарылчылыгы жок", - деди жеке пикирин ортого салган депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости