www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары айрымдары учурда социалдык тармактарга тынымсыз кире турган болуп калышты. Алардын катарын Кенжебек Бокоев толуктаса, “челюсть” деген ылакабы бар депутат Алтынбек Сулайманов Instagram баракчасына жакшы сөздөрүн жазып, ал тургай кыргызстандыктарды, “Орозонуздар кабыл болсун урматтуу бир тууганым, Жараткан ден-соолугубузду чын, ыйманыбызды бекем кылсын. Кимдин көңүлүн ооруткан болсом баарыңыздардан кечирим сурайм, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн мени кечирип коюңуздар”, деп жазып, Мединада (Сауд Арабия) түшкөн сүрөттөрүн жүктөгөн.

Депутат Сулаймановдун сүрөттөрүн кылдаттык менен байкасак, бир өзгөрүү бардай. Акыркы күндөрү жашаргысы келип калганбы, айтор заманбап үлгүдөгү спорттук кийимдерди кийип, кара түстөгү көз айнекти тагып, мойнуна жоолук байлап, тим эле кычыр-кычыр...

Баса, Алтынбек мырза мурдагы сүрөттөрүнө такыр окшобойт. “Шепте” баягы бери чыгып турган “ээк” жок. Кыскасы, эл өкүлү азыр “красавчик” болуп кеткен. Сүрөттөрүнө караганда Алтынбек мырза Орозо кармаган сыягы. Эмне дейбиз туткан орозосу кабыл болуп, ыйык Рамазан айында тилеген тилегине жетсин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости