www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-июнда Бишкекте 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясына байланыштуу акцияда экс-президент сөз сүйлөдү. Анда Отунбаева ала качып барган үй-бүлөдө кызды отургузууга аракет кылган аялдарга кайрылды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
- Аялдар, мен силерге кайрылат элем. Айылдагы эже-сиңдилер силерде да күнөө бар. Ушундай татынакай кыздардын кетип жатканына күнөөлүүсүңөр. Эмнеге карап отурабыз ушундай болуп жатса. Эркектерде күнөө бар. Кыргызстандагы аялдарды тең көрбөйсүңөр. Ансыз да силерге тийбей калды кыргыз кыздары, - деди Отунбаева.
Бүгүнкү акцияга коомдук уюмдун өкүлдөрү, жарандык активисттер, белгилүү чыгармачыл адамдар катышууда. Акцияга келген жүздөй адам Уркуя Салиеванын эстелигинен Ак үйгө чейин жөө жүрүш кылышат.
27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келин, аялдардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду. Бул окуяны иликтеп чыгууну президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.
Кызматтык иликтөөдөн соң Чүй облустук милициясынын башчысы баш болгон 20дан ашуун кызматкер иштен алынган.
Булак: NazarNews.kg