www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев «свежий» президент кезинде өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев аркылуу мародерчу каракчыларга каршы күрөшкөн. 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке Убактылүү Өкмөт келишип Бишкек, Кыргызстан баш аламандыкка айланат. «Ата-Мекен» партиясынан Райкан Төлөгөнов сыяктуу тойбос мародерчулар кымбат баалуу буюмдарды мындай койолу, кийим кечеге чейин кол салышып, машиналап ташып кеткени боюнча, тартып алган видео менен далилдеп беришкен. Мародерчулук боюнча дүйнөлүк рекорд коюшкан «Ата-Мекен» партиясынан Райкан Төлөгөнов менен Бишкектин милициясын тейлеген Туратбек Мадылбековдун атагы алыска чыккан. Бул «мекенчил» «патриоттор» Мекенибиздеги стабилдүүлүк үчүн күрөшпөй ушундай оор кырдаалдарда башаламандыктан пайдаланып Бишкекти тоноого өтөт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш –Жаза Кодексинде мародерчуларга кандай айып коюларын ким билет, Кытайда мародерчуларды чекеге атып салат. Мародерчулукка каршы бийликтин бир этапта күрөшкөнүнүн пайдасы тийдиби же Райкан Төлөгөнов мародерчулук кылгандан коркуп калдыбы 2020-жылы октябрдагы башаламандыкта мародерчулук болгон жок. Экс-президент Атамбаевдин алты жыл бийлиги учурда Кытайга карыз көбөйүп ич жылытарлык иш бүтүрбөсө да, мародерчуларга каршы күрөшү, президенттик шайлоо учурунда пиар болсо да, элдин мүдөөсүндөгү ой болгон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg